“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова бул тууралуу бүгүн Боршайком курамын бекитүү боюнча өткөрүлгөн тегерек стол үстүндөгү талкууда билдирди. Укук коргоочу БШК курамына убактылуу өкмөт көрсөткөндөй 6 эмес, 8 адамдын киришин жана БШК төрагасына талапкерлерди жарандык коом өкүлдөрүнөн да көрсөтүү сунушун киргизди. (EK)