MegaCom компаниясынын 49 пайыз акциясы мамлекетке өттү

Бул тууралуу бүгүн Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, ошондой эле аталган компаниянын калган 51 % акциясы да кимдерге тиешелүү экени иликтенөө жүрүп жатат. Ошондой эле "Бишкек нефт" компаниясы жана Кант цемент-шыйпыр заводунун кандай түзүлгөнү, Максим Бакиевге кандай шартта өтүп кеткени иликтенүүдө. Кант цемент-шыйпыр заводунун жетекчилиги менен болгон жолугушууда анын 13 % акциясын мамлекетке кайтарып берүү сүйлөшүлгөн. Мындан сырткары А.Бекназаров Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун улутташтырууга документтер даярдалып жатканын, Ысык-Көлдөгү айрым пансионаттар айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилерин кабарлады. (КЕ)