Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

1-май эмгекчилердин эл аралык майрамына карата кыргыз-кытай чек арасы “Эркеч-Там”, “Торугарт” бекеттери убактылуу жабылды. Чек ара 30-апрелден 4-майга чейин жабык болот. Бул Кытай тарабынан көтөрүлгөн демилге экенин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады. (КЕ)