Убактылуу өкмөттүн сайты ачылды

Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Убактылуу өкмөт өзүнүн www.kyrgyz-el.kg деген сайтын ачты. Сайттын ачылыш бети Кыргыз Республикасынын герби жана туусу менен жасалгаланып, “Бийлик ээси – эл!” деп жазылган. Мындан сырткары сайтта кыргыз жана орус тилдеринде жаңылыктар, Убактылуу өкмөттүн курамы, сүрөттөр жана байланыш үчүн телефондору коюлган. Бул жерден каалоочулар Убактылуу бийлик өкүлдөрүнө кат да жөнөтө алат. (КЕ)