Төлөйкан Исмаилова БШКнын төрайымдыгына дайындалды

Мындай чечимди Убактылуу өкмөт 22-апрелде кабыл алды. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы бекитилет. Төлөйкан Исмаилова “Жарандар коррупцияга каршы” укуктук борборун жетектеп келген.
Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев БШКнын курамынын үчтөн бир бөлүгү жарандык уюмдарынын, үчтөн бир бөлүгү саясий партиялардын, үчтөн бир бөлүгү эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турарын маалымдаган болчу. (AJ)