Ооганстанда террористтердин шектүү тобу кармалды

Расмий маалыматка ылайык, Ооганстандын коопсуздук күчтөрү террористтик топтун мүчөлөрү деп шектелген 9 кишини кармашты. Чалгындоо кызматынын маалымат катчысы кармалгандардын төртөө Кабулдун чыгыш аймагында, калгандары баш калаадагы медреседен камакка алынганын кабарлады. Операция маалында ошондой эле курал-жарак, жардыргыч затка толтурулган курлар, 200 килограмм жардыргыч зат колго түшүрүлдү.