Талап-тоноого кабылгандардын зыянын эсептөөчү төрт топ түзүлдү

Бул тууралуу Темир Сариев бүгүн ишкер чөйрө менен болгон жолугушууда билдирди. Эксперттик топ майда, чакан ижарачы, чоң-чоң дүкөндөргө товар алып келип жүргөндөр, ири ишкер адамдар жана жалпы жабыр тарткан адамдардын тарткан зыянынын көлөмүн эсептеп чыгат. Т.Сариевдин айтымында, жумушчу топтордун башына ишкер адамдары коюлган. Ал эми мамлекеттик органдын адамдары ошол комиссия курамына кошулат. “Зыяндын жалпы көлөмү такталганда, кандай жардам берилет, эл аралык уюмдардан түшкөн жардамдар кандай бөлүнөөрү такталат”, - дейт Т.Сариев. (КЕ)