Пакистанда Конституцияга өзгөртүү киргизилди

Пакистан президенти Асиф Али Зардари мамлекет башчынын ыйгарым-укуктарын чектеген мыйзамга кол койду. Атап айтканда, президент эми парламентти таркатып, өкмөт башчыны кызматынан ала албайт. Премьер-министр Юсуф Реза Гилани Исламабадда кол коюу аземинде сүйлөп, мыйзам тарыхый өзгөрүү алып келет, өлкө демократия жана стабилдүүлүккө карай кадам таштады деди.