"Акжолчу" жана коммунист депутаттар кезексиз отурумга чогулду

Убактылуу өкмөттүн декрети менен таратылган парламенттин “Ак Жол” партиясынын жана коммунисттердин фракциясы ишин жандандыруу аракетин көрүүдө. Бишкекте парламенттин кезексиз отурумуна бүгүн баардыгы 29 депутат чогулду, андан сырткары 18 депутаттын ордуна алардын ишенимдүү өкүлдөрү келди. Ошондуктан чогулгандар кворум бар деп эсептеп, кезексиз отурумду башташты. Депутаттардын айтымында, З. Курмановго да чакыруу жиберилген, бирок ал Жогорку Кеңеш Убактылуу Өкмөттүн декрети менен жоюлгандыгын билдирип, келүүдөн баш тартты. Парламент төрагасы З. Курмановду жана анын орун басарлары Ч. Баекованы, А. Турсунбаевди, К. Исабековду бошотушту.

Жогорку Кеңештин Төрага кызматына коммунисттердин лидери Исхак Масалиев шайланды. Депутаттар өздөрүнүн жыйынына Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны чакырышты, бирок аларга жаңы бийликтен эч ким барган жок. Кыргыз парламентинде баардыгы 90 депутат бар.