Бүгүнкү күндө Австралияда болгону 80дей кыргыз бар. Алар бул өлкөгө туруктуу жашаш үчү келген адамдар, студенттер, Австралиянын жараны менен баш кошуп жашап калгандар, иш аркылуу келип отурукташып калгандар. Көпчүлүк кыргыздар Сидней, Мельбурн, Аделаид аттуу чоң шаарларда турушат. Кыргызстандык Эркингүл Мельбурнга мындан жети жыл мурун келген. Ал жолдошу Ранбир жана кызы Гурлин менен Индиядан көчүп келишкен.
-Кандайча Австралияга көчүп келип калдыңыз?
-Жолдошум бул жакка окууга келди. Андан дагы Индиядан мен кыйналып кеттим. Ал кезде кызым жаңы төрөлгөн кез. Абасы ысык, суусу тартыш. Анан Австралияга кетели дедик.
-Жаңы келгенде жаны өлкөдө кыйынчылыктар менен беттештинизби?
-Ооба, кыйынчылыктар болду. Ранбир күндүз студент болуп, түнкүсүн иштеп атты. Мен бала менен үйдө болдум. Жаңы өлкөгө көнгөнгө чейин, жолдошум окуусун бүткөнгө чейин акча маселесинде кыйын болду. Бирок австралиялыктар көп жардам беришти. Бир күнү Мельбурндун “Мельвей” картасын алганга акчам жок эле. Китепканага барып картаны карап жатсам, ал жакта иштеген айым келип, мага өзү эле чон китеп картанын копиясын жасап берди. Ошондо ага аябай ыраазы болгом.
-Азыр жашооңуз кандай, дегеле Австралияда жашоо кандай?
-Австралиядагы жашоо абдан жакшы. Элдердин бири бирине болгон мамилеси, тазалык... Элдери маданияттуу, тартиптүү, албетте, эрке өскөн жаштары дагы көп. Мамлекет эли үчүн жакшы кам көрөт. Социалдык жана экономикалык абал жакшы. Бир кишинин орточо айлыгы жылына 60000 долларды түзөт. Бул жетиштүү айлык.
Ал эми менин үй-бүлөмдө Ранбир экономист, мен лабораторияда лаборант болуп иштейм. Кызым жети жашта, мектепте окуйт. Мектептен кийин теннис, таэквон-до, сууда сүзүү сабактарына, Индия бийине барат.
-Кызыныз кыргызча билеби?
-Жок билбейт. “Четыре” деген бир гана орус сөзүн билет. Аны кайдан уктун десем, сиз курбуларыныз менен сүйлөшүп атканда четыре деп айткансыз дейт.
-Кыргызстанга барып турасызбы?
-Көптөн бери бара элекмин, кол бошобойт.
-Жолдушунуз менен кандайча таанышып, баш кошуп калдыңыз?
-Мен мындан тогуз жыл мурун Бишкек Гуманитардык Университетинде иштеп жүргөм. Анан мени университеттен алты айлык окууга Индияга жөнөтүп калышты. Ал жакта окуп жүрүп Ранбир менен таанышкам. Бирок мен окуумду бутуп, Бишкекке кетээрде чыныгы индиялык сүйүү башталып, экөөбүз тең аябай ыйладык. Мен Бишкекке келип алып, кайра кетким келди. Күн сайын Ранбирди ойлоп, телефондон сүйлөшүп жүрдүк. Жарым жылдан кийин ал ата-энеси менен Кыргызстанга келди. Ошондо үйлөндүк.
-Кыргыздын салт-санаасын индиялыктарга көрсөткөн турбайсызбы?
-Ооба. Өзгөчө кой мууздаганыбызды көрүп алып Ранбир шок болгон.
-Кыргызстандан жолдошуңузга эмнелер жакты, эмнелер эсинде калды?
-Биздин тоолор, жаратылышыбыз, анан дагы “Дордой” базарыбыз жагыптыр. Бирок “Дордойдон” акча алмаштырып жатканда, акчабызды алып качып кеткендер да эсинде калыптыр. (күлүп)
-Кийин Кыргызстанга келип жашайбыз деп ойлойсуздарбы?
-Биз Австралиянын жараны болуп калдык. Бул жакта биротоло отурукташып калдык. Кыргызстанда бизге кыйын болот ко.
-Австралияда кыргызстандыктар менен жолугуп, катташып турасыздарбы?
- Ооба, мельбурндук кыргыздар ар жыл сайын 31-август күнү паркта чогулушуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн куттуктап турабыз. Кээде бизге бул жактагы казактар дагы кошулуп калышат. Андан тышкары үй-бүлөлүк дос катары кээ бирөөлөрү менен катташып турабыз.
-Кыргыздар бул өлкөдө кандай иш менен алектенишет?
- Ар кандай. Программист болуп иштегени бар. Бул кесип өлкөдө популярдуу кесип. Банкта иштегени бар. Бишкектик Раатбек байке университетте мугалим болуп иштейт, жубайы аспирантурада окуйт. Кээ бир кыргыздар доктур, тиш доктуру, мал доктуру болуп иштешет. Бала бакчада иштегени бар, медиа, бизнес тармагында иштегендери бар.
P.S. Кыргызстандан Австралияга келген кээ бир адамдар өлкөнүн эли менен аралашып жашап кетсе, кээ бирөөлөр келип, кайра кетип калгандары болгон. Эркингүлдүн айтуусу боюнча көбүнчө жаштар, англис тилин билип келгендер өлкөнү жактырып, ушул жакта калышат. Улгайып калгандар өз жерин, элин сагынып көнө албай, мекенине кетип калышат.
Зарина Сатыбалдиева, Мельбурн