Кытайда жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 1484 адамга жетти

Үч күн мурда Кытайдын түндүк-батышындагы Тибет автономиясында катуу зилзала болгон. Набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн деп жатышат. Анткени дайынсыз жоголгондор көп. Регионго туш тараптан жардам келип жатат. Бирок аба-ырайынын сууктугунан куткаруучулар кыйын абалда иштешүүдө.