Ооганстанда атышууларда төрт немис аскери курман болду

Окуя Баглан шаарында болду. Ооганстанга Германиянын аскерлери 2002-жылы жайгаштырылгандан бери жалпысынан 43 немис аскери өлгөн. Ал арада өлкөнүн Кандагар шаарында дүрмөттөлгөн эки машине жарылып, кеминде эки адам мүрт кетти, ондогон кишилер жаракат алышты.