Владимир Путин менен Курманбек Бакиев сүйлөштү

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин менен кыргыз президенти Курманбек Бакиев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын "РИА-Новости" маалымат агенттиги Орусия өкмөтүнүн маалымат кызматына шилтеме жасап жазып чыкты. Маалымдалгандай, сүйлөшүү 14-апрелдин түнү К.Бакиевдин демилгеси менен өткөн.

Ошондой эле В.Путин утурумдук өкмөттүн мүчөсү Аламзбек Атамбаев менен жолукканы кабарланууда. Бирок бул маалыматты утурумдук өкмөт башчысынын жардамчысы Жыргалбек Турдукожоев тастыктаган жок. (AiJu)