6-7-апрелдеги окуяларды иликтөө үчүн көз карандысыз коомдук комиссия түзүлдү

Кандуу окуяны калыс, так иликтеп чыгуу максатын көздөгөн көз карандысыз коомдук комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар, БУУнун, ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлдөрү кирмекчи. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымы Азиза Абдырасулова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, көз карандысыз коомдук комиссия мурунку бийлик менен дагы, азыркы бийлик менен дагы жолугушуп, окуянын чоо-жайын иликтеп алдын ала корутундусун он күндө, толук корутундусун бир айдан кийин чыгарат.

Көз карандысыз коомдук комиссиянын курамында укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдырасулова, Назгүл Сүйүнбаева, Улугбек Бабакулов да бар. (AJ)