Венргиядагы шайлоодо оппозиция жеңди

Өлкөнүн оңчул «Фидес» партиясы кечээки шайлоодо добуштардын 52% алганы кабарланууда. Венгриянын келерки премьер-министри Виктор Орбан «жарандар үмүтсүздүккө каршы добуш беришкенин» айтты. Бийликтеги социалисттер 19% добуш менен экинчи орунда турушат. Үчүнчү орунду көпчүлүк күтпөгөн радикал-улутчулдар алышты. Алардын «Жоббик» партиясына добуштардын 16% тийди.