Жалал-Абадда Курманбек Бакиевди коргоо комитети түзүлдү

Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан митингде облустун мурдагы губернатору Кошбай Мисиров билдирди. Коргоо комитетине кимдер кирип, ал эмне иштерди аткара турганы тууралуу маалымат берилген жок, деп билдирет “Азаттыктын” облустагы кабарчысы. (AiJu)