Бразилияда табигый кырсыктан миңдеген кишилер жабыркады.

Жер көчкүдөн жана суу ташкындан набыт болгондор 110дон ашты, ондогон адамдардын дайыны такталбай жатат. Рио-де-Жанейро жана Нитро шаарларынын жакыр-жалчы кварталдары катуу жабыркады.