Депутаттар Таласта коменданттык саат киргизүүнү сунушташты

Парламентте депутаттардын бири премьер-министр Данияр Үсөновго кырдаал курчуган Таласта коменданттык саат киргизүүнү сунуш кылды. "Бул Жогорку Кеңештин укугу, эгер ЖК ошондой чечим кабыл алса, өкмөт аны аткарат",- деди премьер-министр. (KC)