Элмира Ибраимова камакка алынды

Бул тууралуу “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес” уюмдар ассоциясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери мурдагы вице-премьер-министр Элмира Ибраимованы үйүнөн кармап кетишкен. (AJ)