Бүгүн Катын комплексинде атайын иш чаралар башталат.

Ага катышкандар Катын токоюнда атылган поляк солдаттары менен советтик жарандардын - саясий репрессиянын миңдеген курмандыктарын эскеришет. Иш чаралардын учурунда Россиянын жана Полшанын премьер-министрлери Владимир Путин менен Доналд Туск жолугушат.