ИИМ: Б. Шерниязов эскертүү берүү үчүн милицияга чакырылды

Ички иштер министрлиги “Ата-Мекен” партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязовго байланыштуу тактап маалымат таратты. Б. Шерниязовду милиция кармабай эле, Таластагы Ички иштер башкармалыгына эскертүү берүү үчүн чакырылганын билдирди. Бүгүн эртең менен “Ата-Мекендин” төрага орун басары милиция Талас шаарынын кире беришинен кармалганы, түшкө маал кайра бошотулганы кабарланган. Талас облустук акимчиликтин алдында бүгүн эл менен милиция тирешип губернатор Бейшенбек Болотбековду барымтага алууга аракет жасалды. Азыр кырдаал жөнгө салынды. (EBM)