Бишкек: сөз эркиндигинин абалы тууралуу көргөзмө өтөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, азыр аталган гезиттин имаратынын алдына боз үй тигилгени жатат. Мурда белгиленгендей жабылган, же иши тоскоолдуктарга кабылган “Стан-ТВ”, “Назар”, “Ачык саясат” гезиттери жана “Азаттык” үналгысынын күйөрмандары ачкачылык акциясын эмес, нааразылык иш-чаранын башка түрүн өткөргөнү жатышат. Ага ылайык учурдага басма сөз эркиндигин абалын чагылдырган көргөзмө уюштурулат. Укук коргоочулар, саясатчылар жана журналисттер 3-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун үйүнүн алдына нааразылык акцияга чыгып, сөз эркиндигин кысмакка алууну токтонууну талап кылышкан. Расий бийлик маалымат каражаттарына кысым болуп жатат деп айыпты жокко чыгарып келет. (EBM)