Эки жүк ташуучу машинеге түшкөн куралчан согушкерлер консулдукту аткылап, кол салгандардан төртөө жана консулдукту кайтарган эки киши окко учуп өлдү. Вашингтон чабуулду айыптаган билдирүү таратты. Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы Пешаварда болгон чабуул үчүн жоопкерчиликти пакистандык талиптер өзүнө алышты. Ага удаа Пакистандын түндүк батыш тарабында саясий демонстрация маалында жанкечти жардырган бомбадан кеминде 19 киши мүрт кетти.