БУУнун баш катчысы Бишкекте

3-апрелде Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга келди.

БУУнун баш катчысы Кыргызстандын премьер-министри Данияр Үсөнов менен жолугушууда.

Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булактарын куугунтуктоолорго “кабатыр экенин” билдирди.

Өкмөттүн суу, жер жана жаратылыш боюнча стратегиясынын бет ачарына күбө болгон баш катчы Борбор Азиядагы ар бир өлкөнүн кызыкчылыгына жараша бул иш карала тургандыгын айтты.