Пан Ги Мун: Кыргызстан адам укугун принцип катары кабыл алыш керек

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн парламентте сөз сүйлөп, “Кыргызстан өнүгүш үчүн адам укуктарын принцип катары кабыл алышы керек”, - деди. Мындан сырткары ал эки маселеге, жакырчылыктын деңгээлин азайтуу жана экологиялык, тактап айтканда мөңгүлөрдүн ээриши, климаттын өзгөрүшүнө токтолду. (КЕ)