А. Эркебаев “Ак шумкар” партиясына мүчө болду

Партиянын төрагасы Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча коомдук-саясий ишмер А. Эркебаев эки күн мурун партиянын саясий кеңешине арыз жазган. Бүгүн ага партиялык белет тапшырылды.
А. Эркебаев Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Коомдук парламенттин негиздөөчүлөрүнүн бири жана спикери.(ZKo)