БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанга келет

3-апрелде Бишкекке Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун расмий иш сапары менен келет. Баш катчы президент Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов, премьер-министр Данияр Үсөнов, Тышкы иштер мамлекеттик министри К.Сарбаев менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Жолугушууларда Кыргызстан менен БУУнун келечектеги кызматташтыгы, аймактык коопсуздук, Ооганстандагы кырдаал, глобалдык аба-ырайынын өзгөрүшү, өзөктүк куралдардан эркин аймактар боюнча маселелер талкууланат.
Өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда Кыргызстандагы суу-энергетика ресурстарын маалымдоо пландаштырылууда.
БУУнун баш катчысы Жогорку Кеңеште бүткүл дүйнөлүк уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Бул тууралуу Тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)