БУУнун Баш катчысы 3-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөйт

Парламенттин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун мырзанын 3-апрелде түштөн кийин Жогорку Кеңеште сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. БУУнун Баш катчысынын Кыргызстанга сапарынын алкагында президент Курманбек Бакиев менен да жолугушуусу белгиленген. Пан Ги Мун БУУнун сегизинчи Баш катчысы.(AiT)