Алайлыктар ички иштер министрине ачык кат жолдошту

Алай районундагы жана Ош шаарындагы генерал Исмаил Исаковду коргоо комитети ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге ачык кат жолдошту. Ачык катта М.Конгантиев президент чакырган Ынтымак курултайында сүйлөп атып, 23-мартта Ош шаарында тынч митинг уюштургандар тууралуу жалган маалымат таратканы айтылат. 375 адам кол койгон ачык катта 23-март күнү Ош шаарында тынч митинг өткөргөндөрдү милиция кубалап, 250 чамалуу адамды эки автобуска күчтөп салышканы, аларды ур-токмокко алышканы, “СтанТВнын” журналистинин камерасын талкалашканы айтылат.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 23-24-мартта өткөн Ынтымак курултайында Ошто мыйзамсыз митинг өткөнүн, аларды милиция автобуска салып, тамак берип, үйлөрүнө жеткирип коюшканын айткан эле. Бул сөздөр такыр чындыкка дал келбесин айткан алайлыктар министр М.Конгантиевден кечирим суроосун, журналисттин талкаланган камерасын кайра ордуна келтирип берүүсүн талап кылышкан. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, министрликке азырынча андай кат түшкөнү билине элек. (IJz)