Иракта парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды

Өлкөдө парламентке шайлоо 7-мартта өткөн. Анын расмий жыйынтыгы өткөн түнү айтылды. Ага ылайык, шайлоодо мурдагы премьер-министр Аяд Аллавинин блогу жеңди. Бирок экинчи орунду ээлеген азыркы өкмөт башчы Нури Ал-Маликинин альянсы, Аллавиникине караганда, парламенттен эки орун гана азыраак алат. Айырма чоң эмес.