ЖК өкмөттүн отчетун канааттандырарлык деп тапты

Бүгүн парламентте өкмөттүн 2009-жылдагы отчету угулуп, анда айыл-чарбасындагы кемчиликтер, отун- сууга тарифтердин кымбатташына байланыштуу сын-пикирлер айтылды. Ошондой эле депутаттар өкмөттүн алгылыктуу иштерин белгилөө менен бирге, өкмөттүн 2009-жылдагы ишин канааттандырарлык деп таап, айрым кемчиликтерди тезинен четтетүүнү сунушташты. (AJ)