Кесиптик окуу жай бүтүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсү өтүүдө

Көргөзмө март окуясынын беш жылдыгына карата Бишкекте уюштурулду. Анда орто-кесиптик техникалык окуу жайлардын тарбиялануучуларынын колунан чыккан буюм-тайымдар коюлду. Соңку маалыматка ылайык, Кыргызстанда жүздөн ашуун орто-кесиптик билим берүү жайлары бар жана аларда отуз миңден ашык улан-кыздар окушат. (EBM)