Үсөн Сыдыков курултайда беш жыл мурда ишке ашкан ыңклаптан кийин өлкөдө бир топ жакшы өзгөрүүлөр болгонун айтып өттү. Ошондой эле жерлердин ойдогудай иштелбей жатышы, сатылып атканы, Ысык-Көлдүн булганып, акыр-чикирге толуп бүткөнү тууралуу сөз сүйлөдү. Мындан тышкары президентке кайрылып, оппозиция өкүлдөрү деле кыргыздын балдары экенин, алар менен бетме-бет отуруп сүйлөшүү зарылдыгын белгиледи. “Экөөбүз Исмаил Исаков тууралуу сүйлөшкөн элек, ошондо айткан сөздөрүңүздү ишке ашырат деп ишенем,”-деди Ү.Сыдыков. Ал К.Бакиевден майда-барат сөздөрдү кулак сыртынан кетирип, ачууга алдырбастан оппозицияга карата кенендик кылуусун суранды. (AiJu)