25-мартта Кыргызстанга Британия депутаты келет

Британиянын жана Түндүк Ирландиянын кыргыз-британ парламенттик тобунун жетекчиси лорд Вейверли Жон-Десмонд Бишкекте бир катар расмий жолугушуулар өткөрөт. Ал 25-мартта депутаттар, министрлер менен, ал эми 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов менен жолугушат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Сапардын жыйынтыгы боюнча өз ара түшүнүшүү боюнча Меморандумга кол коюлат. (AiT)