Ынтымак курултайы

Ынтымак курултайы 23-мартта Бишкектеги Улуттук Филармонияда ишин баштады.

Курултайга делегаттар ар бир айылдан, шаардан, ошондой эле чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынан келди.

Курултайга 750 делегаттын ичинен 742 делегат катышууда.

Президент Курманбек Бакиев Ынтымак курултайынын алдында кайрылуу сөз менен чыгып сүйлөдү.

Жыйын башында Курултайдын төрагасы жана 17 кишиден турган Төр кеңеши шайланды.

Курултай делегаттары: Кыргыз Элинин Баатыры, учкуч-космонавт Салижан Шарипов жана Ак-Талаал районундагы Үгүт айылындагы орто мектептин директору Салтанат Абдраева.