М. Эшимканов саясий куугунтукка кабылгандарга мунапыс берүүнү өтүндү

Бул тууралуу экс-саясатчы бүгүнкү Ынтымак курултайында президенттен суранды. Ал ошондой эле бүгүнкү күнү алдыга жылыш болуп жатканын айтып, Өнүктүрүү фондунун иши, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу, Бишкектин тазаланып, өнүгүп жатканын белгилеп кетти. Ал мамлекеттик маанилүү ишканалардын менчикке сатылышы аргасыздыктан болгондугун белгилеп, энергетика тарифтери боюнча чара көрүшүн президенттен өтүндү. Мындан тышкары мамлекеттик жетекчи кызматтарга жаш, иштин көзүн билген адистерден коюуну, зарыл болсо оппозициянын катарында жүргөндөрдөн тартууну сунуш кылды.(ZKo)