Темир жолчулар ачкачылык жарыялашты

“Темир жол” мамлекеттик ишканасынын төрт кызматкери бүгүн ачкачылык акциясын баштады. Алардын бири Гүлгүн Бекенованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, ишкананын жетекчилери аларды мыйзамсыз, эч негизи жок кызматтан бошоткон. “Мен жыйырма жыл иштедим. Мен ишкананын иштөө системасына нааразы болуп, ачык пикирими билгизип турчумун. Ошол себептен гана, буюртма менен иштен алды деп ойлоп жатам. Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев жетекчи болуп турганда да нааразылык билдирип чыккам”, - дейт Г. Бекенова. Учурда наар албай отургандар ишкана жетекчилигине кайра жумушка алуу талабын коюп жатышат. Алар “Темир жолдун” жетекчисине кирүү мүмкүн эместигин айтып, айрым укук коргоочуларга укугун коргоп берүү максатында кайрылышканын билдиришти. Алар өз талаптары аткарылмайынча ачкачылык акциясын уланта беришмекчи. Бул маселе боюнча аталган ишкана менен байланыша алган жокпуз. (КЕ)