Ирактагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 26-мартта маалым болот

7-март күнү өткөн шайлоонун соңку жыйынтыгы алдыдагы жума күнү белгилүү болорун Ирактын шайлоо комиссиясы билдирди. Алгачкы маалыматтар боюнча, Ирактын мурдагы өкмөт башчысы Айад Аллавинин либерал-патриоттук блогу азыркы премьер Нури ал-Маликинин Мыйзам өлкөсүнөн бир аз алдыда келатат. Көз карандысыз шайлоо комиссиясы добуштарды бурмалоо тууралуу арыздар иликтенип атканын, кеминде беш жерде мыйзам бузуулар болгону үчүн бюллетендер жараксыз деп табылышы мүмкүн экенин билдирди.