БУУ жетекчиси Газада элдин азабы күч экенин билдирди

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жандандыруу аракетинде Бан Ки-Мун бүгүн Израилден Газа тилкесине өтүп барды. БУУнун баш катчысы Израил палестиндердин бул аймагына киргизген үч жылдан берки блокадасы элдин азап-тозогун тереңдетип, “экстремисттерди гана" күчтөндүрүп жатканын белгиледи. Кечээ ал Израилди талаштуу Чыгыш Иерусалимде жөөттөргө үй курууну токтотууга чакырган эле. Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняхы бүгүн мындай курулуштар улана берээрин билдирди.