Жогорку Кеңеш 26-мартта өкмөт башчы Данияр Үсөновдун отчетун угат

Муну кечээ Парламенттин Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны аныктады. 17-мартта “Ак жол” фракциясы өкмөттүн 2009-жыл үчүн отчетун угуп, жактырган. Ошондой эле отурумда фракциянын жаштар канатынын лидери, депутат Максат Кунакунов Данияр Үсөновду жаңы тариф саясаты үчүн кескин сынга алган. (BuS)