Нарын районунда электр энергиясындагы жоготуулар 51 пайызга жетти

Мындай маалыматты Ынтымак курултайына Нарын районунан шайланган делегат Тазабек Мамыров билдирди. Анын айтымында, Нарында өткөн жылдын декабрь айында электр энергиясын пайдалануудагы жоготуулар 28 пайыз болгон экен. Учурда бул көрсөткүч 51 пайызга жеткендиги аныкталды. Ал эми электр кубатына берилген төлөмдөр 46 пайызды түзүүдө. “Бул деген электрди уурдоо көбөйгөндүгүн жана жаңы тарифтерди эл төлөй албай калгандыгынын белгиси, -дейт делегат.

«Чыгыш электр» ишканасынын Нарын филиалынын жетекчиси Алмаз Жумакадыров 1-мартка карата филиалдын аласасы 342 миллион сом болгондугун, анын ичинде калктын бересеси 258 миллион сомго жеткендигин маалымдады. (KUs)