Борбордук ТЭЦтен жана Бишкек жылуулук тармактары ишканасы тарабынан берилип келген жылуулукту токтотуу тууралуу токтомго шаар башчысы Н. Түлеев кечээ кол койду. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай жылуулукту берүү аба-ырайынын ысып калганына жана турукташканына байланыштуу токтотулду. Бишкекке жылуулук күзүндө суук катуулап кеткенден кийин, 10-ноябрдан тартып бериле баштаган.(ZKo)