Бүгүн өкмөт башчы Данияр Үсөнов өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча баяндама жасады. Фракция мүчөлөрү өкмөттүн ишин негизинен канааттандырарлык деп тапты. Бирок фракциянын мүчөсү Максат Кунакунов өкмөттүн бааларды көтөрүү саясатын элге каршы саясат катары баалап, өкмөттүн ишине жабык добуш менен баа берүүнү сунуштады. Ал сунуш кабыл алынган жок. Коммунисттик фракциянын жыйынында өкмөт башчынын баяндамасы эске алынсын деген чечим кабыл алынды. (AiT)