Нарында митинг соңуна чыкты

“Азаттыктын” кабарчысы Жаркын Ибраеванын маалымдоосуна караганда. Бүгүнкү митингиге 4 миңдин тегерегинде киши катышты. Митинг соңунда Жетим тоо, Солтон-Сары, Аксай, Арпа жер, кендерине тийбөө, тарифтерди калыбына келтирүү, мурдагы митингилердин уюштуруучуларын куугунтуктоону токтотуу талаптары коюлду. Бул талаптарга 23-мартта Ынтымак курултайында президент жооп бериш керектиги айтылды. Эгерде оң жооп болбосо 28-мартта кайрадан митингиге чыгып, 29-мартта Бишкекти карай жөө жүрүшкө чыгуу чечими кабыл алынды. Нарын митингисинин катышуучулары өкмөт башчы Данияр Үсөнов элди чагымчы деп атады, ошон үчүн кызматтан кетиш керек деген талапты дагы коюшту.(AiT)