Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Алайдагы Сопу-Коргон айылынын 200 чакты тургуну генерал Исмаил Исаковду коргоо комитетинин штабына саарлап жыйналгыча, милициянын атайын багыттагы отрядын салган үч автобус аймактагы чоң көпүрөлөргө бөлүнүп, Ош - Эркеч-Там автожолун кан буугандай тосушту.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Буга улай аталган штабдын алдында чакан митинг башталды.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Алай районунун акими Алмазбек Осмонов Исмаил Исаковдун таламдаштарынын 15-16-мартта Сопу-Коргон айылынан райборбор Гүлчө кыштагын карай жөө жана атчан жүрүш жасоосуна Ош облустук райондор аралык соту тыюу салгандыгын маалымдап, мыйзам бузулуп, кимдир бирөөлөр жоопко тартылып калышын каалабастыгын айтты.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Айтмамат Кадырбаев эгерде чектен ашкан жоруктар жасалса, анда ички иштер кызматкерлери өз алдынча аракеттенээрин эскертти.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Ошого карабастан нааразычылык акциясынын катышуучулары Сопу-Коргондогу эски жолго салышты эле, милиция кызматкерлери аларды улам-улам эскертип жатып айыл четине, андан ары тоону карай бурушту.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Жүрүшчүлөр Сопу-Коргондон ары Таргалак-Чаты айылына чейин көпчүлүк учурда тоолорду кыялап, айрым мезгилде чоң-кичине дарыяларды кечип жөө жүрүшүн улантышты.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаев да жөө жүрүшчүлөргө кошулуп, суу кечти.

Алайдагы тоо кыялаган жөө жүрүш - Ошентип жүрүшкө чыккандар жолду да ыраа көрбөгөн бийликтегилерге нааразы болуп, тоо кыялай басышты.