Обаманын кеңешчиси Израилдин үй куруу планын “опурталдуу” деп баалады

Израил Чыгыш Иерусалимде басып алган жерлерде жөөттөргө 1600 жаңы үй кураарын өткөн аптада жарыялаган. Бул билдирүүдөн кийин Палестина Израил менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты. Билдирүүнү Америкада президент Барак Обаманын саясий иштер боюнча кеңешчиси Дэвид Акселрод “тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн опурталдуу нерсе” деп атады. Анын айтымында, Израилдин айткандары АКШны бир топ эле иренжитти. Ал арада Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху окуядан чыр чыгарбоого чакырууда.