Орточо айлык акы өскөнү байкалды

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2010-жылдын январь-февраль айларында бир кызматкердин орточо айыл акысы 5996 сомду түздү. Эсептөөлөргө чакан ишканаларда иштеген кызматкерлердин айлык акылары кирген эмес. Ошентип, 2009-жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу айлык акылар 12,2 пайызга өскөнү байкалды. (IJz)