Евробиримдик Израилди Палестина менен сүйлөшүүлөрүн жандандырууга үндөдү

Мындай чакырык биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Финляндиядагы бейформал жыйынынан кийин жасалды. Биримдиктин тышкы саясатты тейлеген жогорку өкүлү Кэтрин Эштондун сөзүнө караганда, тынчтык сүйлөшүүлөрү “азыр жана тезинен” жандандыруу керек. Мунун алдында Израиль палестиндер болочок мамлекетинин борбору катары көргөн чыгыш Иерусалимде жаңы үйлөрдү куруу планынан улам эл аралык айыптоого кабылган эле. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча ортомчулардын төртилик тобу - АКШ, Улуттар уюму, Орусия, Евробиримдиктин соңку билдирүүсүнө караганда, бир тараптуу кадамдар кайсыл жактан жасалбасын, “тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын чече албайт”. Топ азыркы кырдаалды келерки аптада, Москвадагы жыйынында талкуулаган жатат. Бул аралыкта АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон премьер- министр Биньямин Нетаньяху менен телефон сүйлөшүүсүндө жөөт өкмөтү АКШ – Израиль алакалары үчүн “жаман белги” берип жаткандыгын айткан. Израиль Чыгыш Иерусалимде жаңы 1600 үй курарын шейшемби күнү жарыялган. Ушул эле күнү аймакта эки тараптын ортомчулар аркылуу кыйыр сүйлөшүүсүн жандандыруу үмүтүндө АКШ вице- президенти Жо Байден жүргөн болчу. Израилдин жарыясынан соң палестин тарап АКШ ортомчулук кылып жаткан кыйыр сүйлөшүүлөрдөн чыгарын эскерткен.