Элдик курултай Кыргызстандын аймактарында дагы өткөрүлөт

Бул тууралуу Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Роза Отунбаева кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 17-мартта Бишкекте белгиленген Элдик курултайга удаа эле Нарын, Жалал-Абад, Ош, Талас шаарларында элдер тынч митингге чогулушат.

БЭК уюштуруп жаткан Элдик курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды, Башмыйзамдын өзгөртүлүшүн, стратегиялык мааниси бар мамлекеттик ишканалардын менчиктештирилишин жана отун-сууга тарифтердин кескин кымбатташын талкууламакчы. (AJ)