11-мартта Жогорку Кеңештин пленардык отуруму болот

Жыйында Социал-демократиялык фракциянын жаңы депутаттары Карамат Орозова жана Сагынбек Абдырахманов депутаттык кызматка киришүү алдында ант беришет. Андан сырткары депутаттар Каржы министрлигинин жана Эсеп палатасынын 2008-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча баяндамасын угуп, аны бекитүүгө тийиш. (AiT)